Кызматкерлер

Окуучулар

Балдар

Кыздар

Мектептеги суу тармагы

0%
Суу менен камсыз кылуу тутумдары бар мектептердин саны
0%
Суу менен камсыз кылуу тутумдары жок мектептердин саны

БИЛИМ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕГИ САНИТАРИЯ ЖАНА ГИГИЕНА

0%
0
0%
0
0%
0
0%
0
Эскертүү

Окуучулардын жана кызматкерлердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылууда билим берүү мекемелериндеги, анын ичинде мектепке чейинки, башталгыч жана орто мектептердеги санитардык абалдын деңгээли маанилүү роль ойнойт. Санитардык абалдын деңгээлинин маанилүү аспектилери болуп ажатканалардын болушу жана алардын түрү, колдонууга жарактуулугу, жынысы боюнча бөлүнүшү жана ченемдик укуктук актыларга ылайык оптималдуу саны саналат....

Санитардык абалдын деңгээлин баалоонун негизги критерийлерине төмөнкүлөр кирет:

Даараткананын жана ажатканалардын болушу: Билим берүү мекемелери окуучулар жана кызматкерлер үчүн жетиштүү ажатканалардын саны менен камсыз кылууга тийиш.

Ажатканалардын түрү: Жакшыртылган ажатканалар гигиена жана комфорттун стандарттарына жооп берет, ал эми начар жабдылган дааратканалар керектүү санитардык талаптарга жооп бербестен колдонууга жараксыз болушу мүмкүн.

Сегрегация: Эркектер жана аялдар, кыздар жана балдар үчүн өзүнчө ажатканалардын болушу купуялуулукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү.

Оптималдуулук: Окуучулардын санына карата ажатканалардын саны боюнча сунуштарды аткаруу керек. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, мектепке чейинки балдар мекемелери үчүн 25 балага ылайыкталган бир ажаткананы, башталгыч жана орто билим берүү уюмдары үчүн 30-50 орундуу бир жакшыртылган ажаткананы түзүү сунушталат. Кызматкерлер үчүн 20 кишилик бир жакшыртылган ажаткана.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдан тарта ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ажатканалардын болушу да эске алынат. Буга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга өз алдынча пайдаланууга мүмкүндүк берген атайын жабдылган жуунучу бөлмөлөр кирет.

Гигиеналык деңгээлге колдун негизги гигиенасы, жуучу жайлардын болушу жана суу менен самындын болушу сыяктуу факторлор кирет, мында жуучу жайларды ажатканалардан 10 метрден алыс эмес жерге коюу сунушталат. Билим берүү мекемелери окуучулардын жана кызматкерлердин колдорун жууп турууга мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылышы керек. Суу жана самыны бар кол жуугучтар жогорку дэңгээлде гигиенаны сактоо үчүн ыңгайлуу жерлерде болушу керек.

Облус боюнча мектептер

Мектептер жана бала бакчалар

Siasar ID Название Административное деление Балл